жайма-жай

китептерде 31 жолу, 8 китепте
  1. Жайбаракат, тынч, эч нерседен капарсыз, жайынча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алашты бакты жайма-жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаштык кылып Чигитей, / Жадырап туруп алыптыр, / Калтаарып калган немедей, / Жалдырап туруп алыптыр, / Майга тойуп жаткандай, / Канга тойгон Чигитей, / Малмырап туруп алыптыр, / Кымыз ичип, кысыр жеп, / Кымыз арак ичкендей, / Кылчайып элди карабай, / Жайма-жай туруп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жетип барса Жакып бай, / Чыйырды көөнү өтө жай, / Чачын тарап суйкайып, / Олтуруптур жайма-жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Онубуздан жан албай, / Минген атты олжо албай, / Көп кошуунга карабай, / Кашкайган келин катындан, / Кыздан чыккан асылдан, / Бирде бирин таштабай, / Каары катуу Куткарбас, / Бастырып кетти жайма-жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алп Коңурбай зор калча, / Бастырды өзү жайма-жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →