жайма

китептерде 17 жолу, 6 китепте
  1. Сатуучу нерселер элге көрүнүп турсун үчүн жайылып коюлган, ар ким өз буюмун көтөрүп сатма (базарга карата).
  2. Идиштин кыры менен тең, жайпама, текшилене салынган.
  3. Жайылып, жазылып турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Алды-аркасы качкандар, / Бирин-бири карашып, / Күйүшүп жүрүп табышты, / Катышып келип кыргыздан, / Катыгүн кордук көрдүк, деп, / Бабырап кебин салышты, / Жайма сүйлөп жажалап, / Жаагы талып калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дабытайга эп келсе, / Коросон испан бириксе, / Алы келбес кыргыздын, / Эр Кененим, Саламат, / Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Булар барат калалбай, / Эркибизче уулайбыз, / Аз кыргызды жайма жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эртеси этти тартпады, / Өзү баатыр бастырды, / Жайы менен бердирди, / Жалпыга бирдей жеткирди, / Жаймада ачка калганды, / Бүгүн тойдук дедирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайма көкүл Айдарды, / Чакырууга жиберген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үч капка жайма таруунун жанында бир келин соку күйшөп туруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →