жайлуу

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Ыңгайлуу, ыктуу, орундуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түндүктө наамы орусту, / Жери жайлуу конушту, / Ыстамбулда Кайсарды, / Андай эчен канчаны, / Иран менен Иракты, / Мисир менен Кудусту, / Коросон, Испан элдери, / Аш беремин кел, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…т кубанбай: / — Андай болсо, Мадана, / Баралбасаң Шоорукка, / Эңиш тартып баса бер, / Кыргыз эли өтө кең, / Утуру келген кыргыздын, / Эшигин коркпой ача бер, / Жайлуу жерге кез келсең, / Чалкаңдан түшүп жата бер, / Бизден укса кабарды, / Кош аттап киши чаптырып, / Алдырып кетер Чигитей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кетиптир алда кайакка, / Кадырын Коңур жам кылып, / Ал жерде карап тура албай, / Жайлуу жерин карашып, / Шаарга кирди жадашып, / Аз элде тагдыр себеп шол, / Калды булар адашып: / Коңурбай менен беш киши, / Бута атым ары жагында, / Турган болчу мар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайлуу жерге жетишип, / Сыр түйүнүн чечишип, / Мурунку өткөн залдарлуу, / Карынан булар кетишип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Малга жайлуу жер. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →