жайлаш1

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Орун алуу, жайланышуу, бир жерге орношуу.
  2. Элдешүү, жарашуу, жай сүйлөшүү, тынчышуу, жөнгө салуу, жайгаштыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Жазында эгин эгишип, / Кырманда кызыл жайнатып, / Эгизден тууп койлору, / Бир соолуктун жанына, / Экиден козу байлатып, / Кедейи жок, бай болуп, / Баары сыртка жайлашып, / Өтө жарды дегени, / Ондон бээни байлашып, / Эрте туруп кеч жатып, / Элирип кыргыз жаткан кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеңеш кепке катышып, / Жанына азык байлашып, / Абыдан көөнүн жайлашып, / Айылдан кетти аттанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шейит деп атын аташты, / Жаназа намаз кепинсиз, / Жарма көргө жайлашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…, / Ал өңдөнгөн канчанын, / Сыйырдан сойуп ылгатып, / Сыртынан уча чыгартып, / Үй башына бирине, / Колуна уча карматып, / Жай-жайы менен конокту, / Мына мындай жайлашып, / Он беш күн конок алыптыр, / Эл жыргады жай жатып, / Кылга байлап жамбы атып, / Эр сайышып олжо алып, / Эр күрөшү оодарыш, / Аны кошо алпаарып, / Жамбыны атт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Үйүнө келип, ордосунда иштерди жайлаштырып жүрүп, койнундагы алма эсинен чыгып калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →