жайлан

китептерде 30 жолу, 9 китепте
  1. Орундашуу, иретке келүү, Конок үйгө кожурашып жайланып (Маликов).
  2. Тынч алуу, жайбаракаттануу, көңүлү тынчуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чатырың тигип жайланып, / Тойгузуп курсак чайланып, / Андан кийин, келгендер, / Ким экениң билдиргин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…спандан келген Ачакан, / Жанындакы Ууданы: / — Кененимге бар, — деди, / Кепти ачык сал, — деди, / Ачакан менен Дабытай, / Эр Кесилет, кел, — деди, / Биз түшөлү жайланып, / Жан тумшукка келгенде, / Кара жанын калкалап, / Качып келди Чойун алп, / Башын катып мааналап, / Эртеңден баштап көрөлү, / Кимдер өлүп, ким калат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Тамагын ичип жайланып, / Кылычты бүлөп байланып, / Атка минди жабыла, / Таң атканда камданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…тыңар үч күнү, / Чалыкпай да, талыкпай, / Эп келди турган биздерге, / Макул болсо сиздерге, / Майдандан үйгө кайтыңар, / Деп алып бир түн жатыңар, / Тамак ичип жайланып, / Анан уруш салыңар, / Гүлүстөнтөн кеп келип, / Сейитек менен Кутургур – / Бул экөөнө эп келип, / Жай-жайына кайтышты, / Аттарын суутуп жатышыты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жанына барып, жай алып, / Анда жатып жайланып, / Барып келген жолунан, / Баштан айак кеп салып: / «Он беши күнү бул айдын, / Падышаң сенин Семеңди, / Кең Таласка күмбөзгө, / Алып барамын — деп — салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →