жайлай
- Жайлата, жай бою, жайы менен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баш байлабай барбаймын, / Барсам алат да бирөө, / Жолоочу катын дедирип, / Ал атакка калбаймын, / Жообуңду уксам айткының, / Кулакка чакпас кеп болсо, / Өзүмдү өзүм жайлаймын, / Канжар салып кардыма, / Тимеле өлүп калбаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…келди деп эшикке, / Жигиттер айтып ийгенде, / Мөңкөтайдын көөнүнө, / Көп кыйалдар келди эле: / «Эңкейип мени карайт го, / Эсирдиң эле, арам, — деп, / Эми каным жайлайт го, / Мен кылганды бул кылып, / Катын-балам талайт го, / Кайран башым тенде жок, / Бир кабатта калат го.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кебез белбоо кең өтүк, / Кечилдердин Коңурбай, / Алды-алдына туйдурбай, / Бирден-бирге барганда: / “Бириндетип алдайлы, / Билгизбей сойуп жайлайлы, / Санаасын элдин жандайлы, / Арты-артынан чуратып, / Аттын оозун тыйбайлы, / Тизгинди кайра жыйбайлы” / Деген кепти жеткирип, / Желип жүрөт жекирип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келбей койсо дегеле, / Тазкаранын ыгын таап, / Мен жайлайым эми эле, / Тазкарадан айрылса, / Тамтаңдаган Чойтолоң / Өзү келет, — деди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Адамда майып мен болдум, / Канаттуу майып сен болдуң, / Жайлай жатып маминтип, / Көөнүм даттап кир болдум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →