жайла2
- Жайгаштыруу, орундаштыруу, иреттөө, иретке келтирүү, тейлөө, камдоо.
- Тынчытуу, ыраазы кылуу.
- өт. Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн бешимге жеткинче, / Он эки баатыр балбандан, / Башын кесип алганы, / Бирөө тирүү калбады, / Бирин-бирге жеткирбей, / Бирден сайып жайлады, / Артындакы он миңди, / Короодо койдой айдады, / Чагандынын ийри жар, / Айдап барып камады, / Абдан дайнын сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп найзалап, / Аралап кирип кылычтап, / Белден тосуп мылтыктап, / Жекелеп чыккан немесин, / Семетей менен кара дөө, / Жер жазтантып жалмады, / Алдына карай оозгонду, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Жебе менен жайлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сары ханды жайлады, / Антип-минтип ант ургур, / Айла менен алганы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анткени, солдат бербейли деп ага чыдабай, берели десе «эгер бизди солдатка кармап берчү болсоңор, алды менен силерди жайлап туруп, анан кетебиз» деп колуна түкүрүп, дүркүрөп, бирден көтөрүлгөнү турган калың букарадан айбыгып, артын качырып, жалтактап турган эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →