жайкы

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Жайдын күнкү, жай мезгилиндеги, жай убагындагы, жай мезгилине таандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тажиктердин Темиркөк, / Чойун алпка айтат кеп: / — Үчүнчү атам Табылды, / Андан бери тажиктер, / Ээлеп келип жатканбыз, / Дүйшөнбүнүн шаарыны, / Жан жыргатып жам жайкыт, / Жатчу элек эл чайкап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Отуз күнү той болду, / Таң-тамаша көп болду, / Тайталаш болуп бакылдап, / Таталашкан жок болду, / Карахандын бергени, / Эки жүз төөгө жүк болду, / Күйөө жандап келгендер, / Жайкы гүлдөй теңселер, / Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, / Келишкен булар ченебей, / Кээ бир катын бушман жейт, / Келип калып элебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Улуу жол менен жам жайкыт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Маңдайыңда жалгыз көз, / Жалпак мурун, жайдак ооз, / Жазы маңдай, жайык төш, / Мойну кыска, кортек бой, / Туурасы келет он кучак, / Алтымыш бөрү, кырк илбирс, / Отуз айуу, он жолборс, / Сексен кулан, беш бөкөн, / Арбайтып ача мүйүзүн, / Төрт бугуну өңөргөн, / Кебетеси, ыраңы, / Жайкы чөптөй көгөргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жайкы момураган коңур кеч. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →