жайкал
- Ары-бери ыргалган жагымдуу көрүнүш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Корккон элдин көзүнө, / Асмандагы күн күйүп, / Кар агарбай карарып, / Жер көрүнбөй күдүңдөп, / Ак кара айра таанылбай, / Күлгүн тартып бүрүлдөп, / Жер козголуп жайкалып, / Тоо токтобой чайпалып, / Кар көчкүлөр күрүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жетисууда жедигер, / Жери, баатыр, сеники, / Жети суу толуп жайкалган, / Эли, баатыр, сеники, / Илгертен бери кас чыккан, / Теңдеше албай пас чыккан, / Эри, баатыр, сеники, / Толтойдон бери карата, / Теги, баатыр, сеники.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Имерилсе жаныбар, / Жайкалган шибер чөп экен, / Жан барбас туйук жер экен, / Ушул жерде эндиреп, / Кулагы тунуп дүңгүрөп, / Аккуланын үстүнөн, / Жыгылып калды дардайып, / Сулап жатты далдайып, / Дем алганда таноосу, / Узунга дейре барбайып, / Бетине чымын кондурбай, / Аккула турду кайтарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайкалып ыраң чөп чыгып, / Калбай баары көп чыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…аппасам, Ойрот, сени мен, / Бооруңду жарып өт алып, / Болдум эми дебесем, / Куйулуп жаткан кум урсун, / Сыбызгы тарткан зуулдап, / Зоңкойуп турган тоо урсун, / Жайкалып жаткан нечен жер, / Түркүн-түркүн жыгачтын, / Кени экен ушул жер, / Канаттуунун чогулган, / Үйү экен ушул жер, / Баарыңардан тилеймин, / Мен балага жардам бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →