жайка

китептерде 17 жолу, 5 китепте
  1. Жөнгө салуу, ыраазы кылуу, жоошутуу, жайгаруу.
  2. Акырын кыймылдатуу, теңселтүү, ыргоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асылбача көргөн эл, / Коросон, испан, жедигер, / Кошуун курап, кол жайкап, / Келген экен ошол эл. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеңколго жайкап эл толду, / Казактан барды канчасы, / Өзүбектен Сынчыбек, / Тажиктен барды Акылбек, / Бадакшан, Балык, Букардан, / Самаркан, Ташкен, Кокондон, / Бүт келишти ошондон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сундуруп найза тартпаган, / Сумсайып жоодон качпаган, / Кызыгышкан казатта, / Кызыл кан суудай чайкаган, / Жалгыз башы ар качан, / Сан кишини жайкаган, / Өкүм-өткүр сөзү бар, / Өрттөй кызыл көзү бар, / Өлүмдөн коркпос өзү бар, / Кайраты толук кыраан эр, / Кандуу уруш майданда, / Ажал-өлүм кайда дээр, / Кабыла… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыйазды жайкап кеп менен, / Он эки түрдүү тамакты, / Эптүү жеңең батырган, / Ушундайча эп менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Абышка, кемпир бөлүнүп, / Айылдын чыгып четине, / Сакалдарын жайкашып, / Кымызга балды чайкашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →