жайдары
- Ачык-айрым, шайыр, көңүлдүү, маанайы ачык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Жатып калды бай Жакып, / Жайдарың кетти аттанып, / Кырк чорону котчу алып, / Хан Бакайды кошо алып, / Кызыл желек туу алып, / Белдүү бекзат жөнөдү, / Бетбакты карай бет алып, / Эсине кирип Кард…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жебенин огун кездеди, / Бирин оозго тиштенди, / Күч келтирип тартканда, / Сым чойулуп-чартылдап, / Ийилип жебе карсылдап, / Жебенин доошун укканда, / Жайдары Сейит эрениң, / Бендеден артык берениң, / (Айкөл Манас тукумун, / Ак калпак кыргыз болгон журт, / Көрүп келет керегин ) / Тура калып жалт карап, / Тетенин көрд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жаралуу болгон менденби, / Же болбосо ошондо, / Жайдары Манас баатырдын, / Колдоочусу келгенби?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жалбырактан жалмады, / Жарым саатка калбады, / Жаны мээйип жыргады, / Жаңтайган бойдон жан жыргап, / Жайдарың уктап калганы, / Сомбилек уктап калыптыр, / Аргымак, эки тайганы, / Ашып калган чөптөрдү, / Жарага жаба салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →