жайдак

китептерде 38 жолу, 9 китепте
  1. Ээр-токумсуз, ээр токулбаган, алдына эч нерсе салынбаган.
  2. өт. Эч нерсеси жок, ээн, бош, ачык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Түбү тууган бирге эле, / Кызыл чапан, жайдак төш, / Мунун эли көп эле, / Баш калкалап мен барсам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
чаап, / Бери өткөнү бирди чаап, / Айдай нурдуу бетинен, / Кызыл кан турат тамчылап, / Ойун кылып алыптыр, / Арык уйдай камчылап, / Качырга салган токум жок, / Жайдак минип соксоңдоп, / Желгени катуу дүкүлдөп, / Мындай кордук теги жок, / Ошондо Жолой күүлөнөт, / Өз алдынча сүйлөнөт: / — Эсен ханга алып барам, / Эрендиктен жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Маңдайыңда жалгыз көз, / Жалпак мурун, жайдак ооз, / Жазы маңдай, жайык төш, / Мойну кыска, кортек бой, / Туурасы келет он кучак, / Алтымыш бөрү, кырк илбирс, / Отуз айуу, он жолборс, / Сексен кулан, беш бөкөн, / Арбайтып ача мүйүзүн, / Төрт бугуну өңөргөн, / Кебетеси, ыраңы, / Жайкы чөптөй көгөргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ “Түбү тууган бирге, — деп, / Кызыл чапан жайдак төш, / Тууганымды издейм, — деп, / Тууганым издеп нетейин, / Мен Таласка жетейин, / Таластын тарпын чыгарып, / Талап алып кетейин” / Деп ойлонуп Калдуубет, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мынабу төрдө чытыраган бирөө бешмантчан болуп, жайдактанып алган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →