жайбаракат
- Камырабай жана шашылбай, эч нерседен капарсыз, бейкам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…калып Кененим, / Амандашты кучактап, / Ордонун ханы Орунбай, / Конок келип калганда, / Тура алабы кам кылбай, / Ал Көкүмгө Кененим, / Кебин айтат мамындай: / — Жайбаракат жаткыла, / Эчтемеден кам кылбай, / Бузулуп кыргыз кетпесин, / Айтып койгун сен барып, / Угуп калсын Орунбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акылына токтолду, / Абдылда чечен октолду: / — Ак олпок болсо кийгениң, / Аккула болсо мингениң, / Жайбаракат бастырып, / Жалгыз жолго киргениң / Жалпы алаш калкыңды, / Жалгыз бийлеп жүргөнүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жибердим элчи мен бүгүн, / Кар ачылып, жер кургап, / Калк жайма жай болгуча, / Жайбаракат бололу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушинтип мындан бир нече мүнөт мурун жайбаракат жаткан дүйнө заматта бүлүнүп, чакчалекей түштү да калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү, – деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →