жазында
- Жазгысын, жаздын күнү, жаз мезгилинде, жаз убагында.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросон, испан, ооганды, / Койбой издеп буларды, / Кайда болсо Калдыктын, / Бир кабарын табам, деп, / Эки жылдык из болсо, / Эми баскан немедей, / Анык билет Бекбача, / Жазында баскан из болсо, / Алты ай жайлай күн жааса, / Аны билет Бекбача, / Эки жылдык изди кууп, / Ээсин табат Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас кеп баштап, / Ачуусу менен бек баштап: / — Уккула, менин кебимди, / Таап айткын кебиңди, / Жазында сонун түш көрдүм, / Жоруй албай тим жүрдүм, / Жоругула түшүмдү, / Жоготомун калчактап, / Буруп айткан кишиңди, / Бүтүрөмүн ишиңди...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жазында эгин салдырбайт / Күзүндө түшүм алдырбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыштай жүрүп Таласта, / Жазында кайтып жанып кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эби келсе сени соёлу, жазында койду алып магдырап жатып каласың.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →