жазыктуу
- Күнөөлүү, кылмыштуу, айыптуу, күнөө кылган, айыбы бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жем бербей кургак тер алып, / Кара тер кезде сугарып, / Жеңилирээк жабуу жаап, / Сыдырым соккон белеске, / Жетелеп жүрүп таң атса, / Койо берер жерине, / Арты коно сууй барса, / Чагын көрбөй Куланын, / Чанда күлүк калбайбы, / Тил жазыктуу болбосун, / Кырк миң кызыл алтынды, / Башкага бербей албайбы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атам Манас арбагын, / Ашкере көрүп түшөдүм, / Тил жазыктуу болбосун, / Мындан кийин күчөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баламдан башка айрылдым, / Тирүүдөн тирүү айрылдым, / Канатым сынып кайрылдым, / Кан жутуп ичтен кайгырдым, / Букарда жаттым чиренип, / Анда качан кайгырдың, / Сейтек келди чоңойуп, / (Тил жазыктуу болбосун) / Таласына ээ болуп, / Ат изин салган жериң жок, / Төлгөгө байлап ат чапсам, / Калдыбы сага кээ болуп?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…төн кеп салат: / — Атамдан артык абам бар, / Ак сүтүн берген энем бар, / Эмчектеш болгон агам бар, / Өзүмдөй болгон иним бар, / Айчүрөк сындуу жеңем бар, / Тил жазыктуу болбосун, / Бүгүнкү күнү кыргыздын, / Кай жеринде кеми бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Мен жазыктуу болсом, айбымды тартайын.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →