жазыксыз

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Күнөөсүз, айыпсыз, күнөө кылбаган, айыбы жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жазыксыз камчы чаппагын, / Жатсаң-копсоң ойлонуп, / Элдин тузун актагын, / Арбагы азыр Манастын, / Чыгарбай ойдо сактагын, / Карымын деп шылтоолоп, / Бастырбай үйдө жатпагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Кытайга кылсаң жакшылык, / Жаадыга салып тууратат, / Кыргызга кылсаң жакшылык, / Кууп алып малыңды, / Жөө калтырып кууратат” / Уккан кулак жазыксыз, / Ойумда ушул иш турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ман жок, / Телегейи тең экен, / Манас деп элдин шаңдашы, / Жалганы жок чын экен, / Ким чачылып чарбылса, / Жыйып келчүү бул экен, / Сандалып калган кыргызга, / Жазыксыз кубат-муун экен, / Чалкайып жаткан төр экен, / Чалкып жаткан көл экен: / Заңкайган залкар тоо экен, / Жат душманга келгенде, / Жалындап күйгөн өрт экен, / Ата-… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…дап көрүнбөйт, / Көзүн бардап караса, / “Кең пейил болсо Сейитим, / Эрдигине жараша, / Азык ичип, ат минип, / Жамап, жазкап тон кийип, / Жарактанып жайланып, / Жазыксыз келсек камданып, / Канча күндүк мөөнөттү, / Сейитимден сурайбыз, / Сөзүмдү айтып Сейитке, / Барып кел” — дейт суранып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Жолоочу жазыксыз таяк жеп, ар кайда чачылып калган тебетейин, топусун, шапалагын жыйнап алып, көгала болгон бети-башын сыйпалап, көптөн кийин туруп келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →