жазык1

китептерде 53 жолу, 9 китепте
  1. Күнөө, айып, кылмыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Айдоого келген, сен аскер, / Сенде жазык жок, – деди, / Жөн кишиге катышпай, / Жолуң менен кет, — деди, / Кайра келип калмактар, / Каңгайга барсак айдайт деп, / Куландын сары сайында, / Эсепке бизди албайт, деп, / Үч кошут менен жылдызга, / Үйүр алышып жердеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— Мунун Манастыгы чын экен, / Атын Манас койуптур, / Өзү да Манас уул экен, / Ушалансын улуктар, / Эл башкарчу бул экен, / Баралына келгенде, / Падыша болчу бала экен, / Ушул бүгүн турушу, / Падышача бар экен, / Букарада не жазык, / Кыл дегенин кылганбыз, / Кызыталак хандардын, / Айтканын кандай кылбайбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күлүн жерге түшүрбөй, / Самаркан карай кетүүчү, / Жазыктын кызыл шоруна, / Отуз жолдун оозуна, / Тогуз жолдун тоомуна / Алпарып кумга көмгүлө, / Үстүнө таштап үйгүлө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айтарын билбей темтиреп, / «Баарыбызда тең, жазык, / Мен байкушта не жазык? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Талаганда менин эмнемди алат, өлтүргөндө менин кайсы жазыгым үчүн өлтүрөт дегениби, айтор көп сезген жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →