жазуучу
- Көркөм-адабий чыгармаларды жазган адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабылан Манас элжиреп: / — Каадасы менен келдиң — дейт, / Кат жазуучу үстөлдү, / Сага, Сыргак, бердим,- дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Болду, Ажым, болду, — деп, / Алмамбет, Чубак - эки шер, / Абаң Бакай кеменгер, / Сээрлүү таажы башында, / Сексен катчы кашында, / Серпөөлөнгөн эр Сыргак, / Кат жазуучу үстөлгө, / Катар барып олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылман Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Сырттан Сыргак кайран эр, / Кат жазуучу сарайда, / Акылдашып олтурса, / Каныкей кирип эшиктен, / Кашкайып карап турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Такта олтурган Сейитек, / Оң жанында зор Бакай, / Сол жанында Гүлүстөн, / Бакайдын ары жагында, / Аташканы айкөл шер, / Атанган энең Каныкей, / Гүлчоронун жанында, / Айдай жеңең Айчүрөк, / Кат жазуучу үстөлдө, / Жалгыз өзү Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сүннөт кылыш, ат койуш, / Тойун берсем эми, деп, / Тойдун камын ойлоду, / Сырынын четин кылайтпай, / Чакырчуу жерин болжоду, / Отургузду алдына, / Кат жазуучу молдону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →