жазуу1

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Графика түрүндө кагаз же башка бир нерселердин бетине түшүрүлүүчү атайын белгилердин, тамгалардын жыйындысы, системасы.
  2. дин. өт. Буйрук, жазмыш, тагдыр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакшылык менен жамандык, / Калемде кеткен жазууну, / Жапкан менен жабылбайт, / Сен жашырып катпагын, / Мен билгеним айтамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шылк дей түштү акмаңдай, / Тагдырдын иши кыргызга, / Жазууда ушул экен деп / Жайын казып бүтүрүп, / Ак кепиндеп аруу жууп, / Акмаңдайды жердеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Башында айткан сөз менен, / Буруулап атын койорго, / Тегеретип кыдыртып, / Тек жайын такыр ойлорго, / Калемде жазуу ошого, / Оозуна кирди ошондо: / — Оң жагымда кулунум, / Асыл бала бул уулум, / Алтын Айдар экен, — деп, / Жараша ага мен койдум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Убагы бүткөнчө хандын атасынын жазуусундай кылып Айымсулуу менен кийинки колуктусу үчөөлөп катты жазып, ханга алып барып берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Жолго көзүн салып караса: "Оң жактагы жолго түшсө өзү өлөт, сол жактагы жолго түшсө аты өлөт, туура жолго түшсө, барса келбес"-деген жазуу бар экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →