жаздым

китептерде 18 жолу, 8 китепте
  1. Кокустан, күтүлбөгөн жерден, жаңылыштан.
  2. Таамай эмес, мүчүлүш, калпыс.
  3. Майып болуу же өлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Биринин башын алсам, — деп, / Жаңылыпмын жаздым деп, / Бекбачанын алдына, / Көтөрүп алып барсам — деп, / Барган менен көтөрүп, / Мага ишенбейт Бекбача, / Эгер калса ишенип, / Колума алсам ишентип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дардаңдаган Кызыл алп, / Тоногон төөдөй тартаңдап, / Эл аралап барыптыр, / Семетей менен Гүлчоро, / Көз жаздымда калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күжүрмөн туулган Гүлчоро, / Көрүнөө жаздым болгон, бейим? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Убайлуу кылдың мени сен, / Ошончолук зар кылдың, / Кай жеримен жаздым мен?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →