жаздык1

китептерде 16 жолу, 6 китепте жаздык 2 →
  1. Ичине канаттуулардын жүнү ж.б. салынып, төрт бурч формасында жасалган башка жаздалуучу буюм.
  2. Жылдызкан бүгүн күндөгүдөй башы жаздыкка тиер замат уйкуга кеткен жок (Байтемиров).
  3. Отун жарганда, керткенде алдына коюлуучу дөңгөч.
  4. диал. Устун менен түркүктүн (тирөөчтүн) орто жерине коюлуучу ар кандай формада жасалган (төрт чарчы, сүйрү же ар түрдүү оюу чийүү салынып кооздолгон) жука тактайча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каптап кирдик өчөшүп, / Аз өлбөдү, көп өлдү, / Кала жаздык түгөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаздыгыңды оңдодум, / Жаныңды өөдө кобордум, / Жата бербей тайрайып, / Келер жагын ойлогун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үч баатырдын түрпөтү, / Үч чынардай көрүндү, / Арууке таап багынан, / Как ушуга тушуккан, / Бир жаздыкка баш кошуп, / Өлүп кетсе арман жок, / Бүт ургаачы болгон жан, / Суктанбаган калган жан, / Көзү көрүп уккандан, / Кылжейрен көрүп кададан, / Карахандан дүрбөшүп,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карым казык болгончо, / Башым жаздык болгончо, / Биз турабыз кебелбей, / Сейитимдин алдында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көз жаздыкта калбаса, / Барбаган жерим калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →