жазгыр

китептерде 19 жолу, 6 китепте
  1. Азгыруу, жолдон чыгаруу, бузуу, жашыруу, алдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аркан бойу бир жерге, / Көпчөк, чапан жаздырды, / Үстүнөн атты бастырды, / Мына минтип кыргызга, / Из куудурбай жазгырды, / Бозжон деген бир жерге, / Алып келип жаткырды, / Боз жондо бекер жатпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Менин атам Алмамбет, / Жүйрүн дөөдөн жазгырып, / Ала келгин ак шамшар, / Бүгүн менин жанымда, / Ала жүргүн жаныңа, / Жаткан дөөгө туш келсең, / Мала келгин канына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Буйдалбай пил жеткени, / Булгалап мурдун шилтеди, / Жазгыра берип чаптырбай, / Жандай түшүп эр Сыргак, / Чокуга койуп өттү эми, / Пил толгонуп болгунча, / Оролто тумшук сунгуча, / Онду койуп жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жазгырып чапкан чынарды, / Аркасынан имерип, / Оң колтукка бир сайды, / Камындырбай чаптырбай, / Бакалоорго бир сайды, / Тоң мойун керкин имерип, / Аркасына айланды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кармашты булар балтаны, / Жазгырып уруш салуучу, / Биз айталы балбанды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →