жазгы

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Жазындагы, жаздын күнкү, жаз мезгилине таандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ашка келип түшкөндө, / Алды-артына көз жетпей, / Айткан менен сөз жетпей, / Жазгы келген келгиндей, / Кара таандай куйулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Угуп алып чоң Отор, / Опурулуп сүйлөнүп, / Ого бетер күүлөнүп, / Жазгы келген киргин суу, / Бузулуп өңү түрдөнүп: / — Атай, Көтөк! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…колуңду, / Артыңдан кууп барбаймын, / Арданыпсың калмакка, / Кектеп сени калбаймын, / Ага болбой кармашсаң, / Айанып сенден калбаймын, / Эчки жайган адырдай, / Жазгы чыккан таанадай, / Түбүң менен жалмаймын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жем баштыгы манаттан, / Жем үзүлбөйт ар аттан, / Жайы-кышы аттарды, / Куйрук берип, май берип, / Кындырдай кылып жараткан, / Жазгы бээнин туутунда, / Бир маал сүткө сугарткан, / Айрыкча кубат болор деп, / Ак туз берип жалаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жазгы келген келгиндей, / Коргонду көздөй күйүлүп / Канчоро менен хан Кыйаз, / Кара шаар калаасын, / Калдайтып басып өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →