жазга

китептерде 13 жолу, 8 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсени булгалоо, жаңсап коюу.
  2. Тап берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачакандын мингени, / Кандай жазгап бурулса, / Бурчалтпады Каракер, / Күн чагылып жаркылдап, / Алтындан кылган чоң кемер, / Амалы ашты Бактыбай, / Жаш да болсо кеменгер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаңы бышты жазга асый, / Кебетеси ушундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдейлеп эмчек эмизип, / Алпештеп сени баккамын, / Алдыңа сенин кетпедим, / Аллага кандай жазгамын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жаза чаппай, таамай чаап, / Батакай чаппай, жазгай чаап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Э токтамай кетсек, күн бата барып каламыс — деди камаарабай, өз жагында кийин калып койгон бир боз койду таягы менен жазгап калып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →