жазала
- Жазага тартуу, жаза колдонуу, чара көрүү, жазасын берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жазганы экен кудайдын, / Жазаланып өлгөнүм!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атам Жакып тил албай, / Уу берди мага уйалбай, / Жазалап аны таштадым, / Ээрчитип алып абамды, / Андан кийин жандым мен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошентип, куйругун жазалайм деген кем акыл түлкү өзү кырсыкка учурап өлүптүр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Жакшыңардан жаманыңар көп келгиле, – деп, элине жар чакыртып, "келбегендерди жазалаймын" деп буйрук кылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →