жазайыл
- тар. Эски убактагы майда калибрдүү замбирек, оор мылтык.
- тар. өт. Мүшкүл, кыйын иш, башка түшкөн азап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Беш жерде калың топ турат, / Жазайыл мылтык, жаа кошо, / Жайнатып төккөн ок турат, / Байкап көрсө белгиси, / Жалындап күйгөн от турат, / Жайы-кышы өчкүсүз, / Жайнаган кызыл чок турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Казынада элдерге, / Жатып жеген эрлерге, / Жалпы баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ктедим, / Кыл жейрен оозун бурбастан, / Качырган бойдон жеткемин, / Найза менен бир муштап, / Алгаранын үстүнөн, / Аңтара сайып өткөмүн, / Аңгычакты болбоду, / Жазайыл мылтык, жаа тартты, / Дүңгүрөтүп топ атты, / Очогор менен ок атты, / Үнү кулак тундурган, / Замбирегин кошо атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгыз кара бир башын, / Сан кишиге баалаган, / Кол салышып бет келген, / Кутулбай тирүү бир адам, / Жайнаган калың топ болсо, / Жазайыл атка ок болсо, / Жазганып кайра жанбаган, / Айлап чапса кылычты, / Тарамышы талбаган, / Алдында минген Күрөңү, / Чаалыккансып калбаган, / Бул Манастын уулунун,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жазайыл мылтык, жаа тартып, / Уруш болуп тарсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →