жаза1
- Кылмышы үчүн тарта турган айып, күнөөсү, кетирген катасы, жаңылыштыгы үчүн колдонулуучу, берилүүчү чара.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…алыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээсине, / Жалгыз эмес экени, / Жаза кармап салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтышкан сөздөн бузулуп, / Ата-баба кубаар сан, / Биз жаза баскан киши эмес, / Тынч алып жатпай үйүңө, / Кыдырдың жердин түбүнө, / Коросонду козгодуң, / Козгоп койуп кош болдуң, / Ооганды барып ойготтуң, / Уйкусун ачып оогандын, / Оголе кыйын шоктондуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…п бир далай, / Чоңдорун такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Коросондун Дабытай, / Короосунда күпүлдөйт: / — Кыргыздан келген кызталак, / Тең кишидей кат жазат, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кечээ Көкөтөйдүн ашында, / Берет элем жазасын, / Барайын десем Айжаңжүн, / Шаарды багып тургун деп, / Баргызбай мени койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчоро менен Чачыкей, / Жазаны кандай беребиз, / Кеңешине келели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →