жадоо1
- Начар, жүдөө, кыйналган, оорулуу, жабыркаган (адам жөнүндө).
- өт. Жупуну, жөнөкөй, карапайым, көзгө комсоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Беш уруктун журтуна, / Өрүүн берип оңдурба, / Уктатып түндө кондурба, / Алды жагы кум болот, / Жадоочунун чөлүнөн, / Үстү жагы тоо келет, / Элемандын көлүнөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кээ жеринде суусу бар, / Кээ жеринде чөбү бар, / Жадоочу деген чөлү бар, / Кайсы белин ашабыз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…шайы чын кетип, / Жүрө албаган дартынан, / Онбашысы Бозуул, / Каржалганда Кыргылдын, / Айтып турган сөзү бул: / — Ой, онбашым Бозуул / Жаныма жакын дос уул,, / Жадоочу чөлдүн бойунан, / Алла деп атка мингени, / Айдалып жолго киргени, / Күнү кырк бир күн болду, / Түнү кырк бир түн болду, / Эсептесем экөөнү, / Сексен эки күн бо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кодо эмес коркойуп, / Узун эмес, койкойуп, / Семиз эмес тултуйуп, / Жоон эмес култуйуп, / Узун эмес сүлкүлдөп, / Ыкшоо эмес бүлкүлдөп, / Эти жадоо кагалес, / Өтө мыкты чабендес, / Ыкшоолук кылсаң элебей, / Тогуз-он койуп жиберет, / Үстү-үстүнө дембелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чокморун жерден көтөрүп, / Чендеп алып болгуча, / Шыңга бойлуу чабандес, / Эти жадоо кагалес, / Бала баатыр бакырып, / Манастап ураан чакырып, / Эти ачынган жаш арстан, / Мурун чокмор чаптырып, / Булгап алган чокморун, / Болжоп Татан чапкынча, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →