жадаш
- Эсте сактоо жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү жагы негизи болуп эсептелген өзүнчө эрежелери бар оюн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отор менен Чигитей, / Өздөрүнүн бир башын, / Миң кишидей баалашты, / Бири кыргыз, бир каңгай, / Эл намысын талашты, / Карап көрүп турган эл, / Кара жандан жадашты, / Айланды күнү үчкө тең, / Отордун карды ачканы, / Себеп кылып тамакты, / Ал майдандан качканы: / — Курсагым ач, тамак жеп, / Келе калсам канетет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…элди чайкашып, / Нескара көзүн салыптыр, / Коңтөрө тиктеп калыптыр, / Коңурбай менен Нескара / Көрбөгөн мурун Манасты, / Көрүп туруп айкөлдүн, / Көркүнөн булар жадашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күркүрөшкөн үнүнөн, / Көпчүлүк угуп жадашкан, / Алардын кылган ишинен, / Айырбай көзүн карашкан, / Айласы артып күч ташып, / Түн кетип, сүрүп таң аткан, / Менменсиген далай дөө, / Аларды көрүп жадашкан, / Жадагансып калбастан, / Баарлык күчүн айабай, / Жакалашып кармашкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баатырлар баары карашып, / Айбатынан жадашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кай жерлигин билбеди, / Бир жерге булар келгени, / Басалбай калды жадашып, / Бирин –бири карашып, / Күндө улар жүрүчү, / Басчу жолду талашып, / Жооруп кеткен таманын, / Ит каадасы жалашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →