жагымдуу

китептерде 20 жолу, 8 китепте
  1. Сиңимдүү, аш болумдуу, жугумдуу, пайдалуу.
  2. Сүйкүмдүү, уккулуктуу, адамды өзүнө тарта тургандай, ар кимдин көңүлүнө туура келе тургандай (сөз, ыр ж.б. жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…м деп келген, / Маңгыттын эли келбеген, / Беш урук мында бар экен, / Хан Каракөз айтканын, / Көкбөрү жуткуч улады,- / — Хан Каракөз айткан кеп, / Кулакка сонун жагымдуу, / Бас десем бастың баарыңар, / Тур десем турдуң ханыңар, / Маңдайга бүткөн багым бу, / Тажиктен башка беш урук, / Ээрчип келдиң калдайып, / Булутка минген чаг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Калган элин кет деди, / Жай-жайыңа жет, деди, / Жагымдуу сонун кулакка, / Жаш арстандын кептери: / — Коросонго баргынча, / Бадакшан бар, Балык бар, / Тажик, калча калк бар, / Кара калпак, түркмөндүк, / Андай калктан канча бар, / Катышып койуп бирөөнө, / Калба салбай жөн кеткин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айткын дедиң, айтайын, / Кулагың салып угасың, / Көөнүм нечен кубулат, / Кулагыма жагымдуу, / Сүйкүм үндөр угулат, / Асманда жүргөн Сумурук, / Бүт дүйнөнү кыдырып, / Көөнүм менин тынчыйт ай, / Чечекейи – көз майы, / Оозума кетсе куйулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитти көрсө көздөрү, / Өтө ширин жагымдуу, / Сейитинин сөздөрү, / Кылгылыкты кылбайбы, / Ураан тартып чуркурап, / Сейитти карай жылбайбы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн кыйшайып, / Эңкейип бара жатканда, / Заркарлуу баатыр чоң неме, / Салкын сууга барыптыр, / Салып бойун алыптыр, / Кайра чыгып шиберге, / Чалкалап жатып калыптыр, / Ажал жетти, күн бүттү, / Мейримдүү үйку жетти эми, / Мемиреп сүйкүм жагымдуу, / Мелтиреп уктап кетти эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →