жагым
- Тамактын организмге сиңимдүүлүгү, жаккан касиети, жагымдуулук.
- Сүйкүмдүүлүк, кулакка угумдуулук, көңүлдү өзүнө тартарлык касиет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бактым менин жар болуп, / Баса келген экемин, / Барайын деп бул элге, / Шаша келген экенмин, / Келер жагым багымды, / Ача келген экемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жердин аты Жанжүрбөс, / Арт жагымда бир көл бар, / Анын аты Итичпес, / Итичпести жердеген, / Мен Тапан хан эли бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Менин оң жагымда бирөөнүн башы кылтыйып калды эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →