жагоо

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Аңга, илбээсинге салынуучу куштун тумшугу менен үзөңгү боого жетпегенге мойнуна кийилүүчү ийнелери бар жыгач алкак.
  2. Моюнга байланган жоолук, галстук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эл башчысы Мөңкөтай, / Алжан-алчын – эки урук, / Мөңкөтай баштап бөлүнүп, / Мадыбекти бүт талап, / Ордосун сыйрып көчүрүп, / Жаккан отун өчүрүп, / Жагоосун жерге түшүрүп, / Жарык күнүн жоготуп, / Камап туруп колотуп, / Көчүп келди Мөңкөтай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ноктосу жибек кенептен, / Кармап турган немедей, / Эп келтирип ченеткен, / Жүгөнү бугу кайыштан, / Өрмө көгү жүз бештен, / Көкүлүн көзгө кертирген, / Көкүлдүгүн келтирген, / Эркек жагы ургаачы, / Учуна тогоо тактырган, / Ичине темир кошпогон, / Уйуткан сары алтындан, / Жагоолору сап алтын, / Жалтылдаган сары алтын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шамдай жарып эки көз, / Ооздук тиштеп баш чайкап, / Сары алтындан жагоосу, / Чагылып күнгө жаркырап, / Арка буттун туйагы, / Үзөңгүгө кагылып, / Оозунан көбүк чачылып, / Куусу угулуп кулакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Үйгө кирип Айчүрөк, / Канаттуунун асылы, / Акшумкардын мойнунан, / Алып жагоо чыгарып, / Алды боосун бутунан: / Эркек болсо тууганым, / Тумар кылып берем, деп, / Бир тал жүнүн бериптир, / Куйругунун кутунан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тумарчасы сары алтын, / Жагоолору сом алтын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →