жагдан
- Сыртына булгаары капталып, мык менен кооздолуп кадалган сандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ду тандап асылдан, / Сулууну тандап кыздардан, / Жез оймоктуу уздардан, / Көчкөндө төөсүн комдоткон, / Жасатып комун оңдоткон, / Алдыңкы төөнүн үстүнө, / Адеми жагдан орноткон, / Бош тартылып калганы, / Арканын тартып толготкон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Санап казак мал бөлдү, / Энчисине сан бөлдү, / Жагданына бул толду, / Салтанаты тул / болду, / Арылбаса адамга, / Аркасында шор болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Арнап келген Чыңгыш хан, / Санаты элүү нарыбыз, / Кыркына теңдеп арттырган, / Кызыл буудай даныбыз, / Жагданга салып жүктөгөн / Жети төөдө зарыбыз, / Капка салып арттырган, / Үч нарга аркан тарттырган, / Курут менен майыбыз, / Алдыңа келип арыз айткан, / Аты Жакып чалыңыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сан сарала ат берсин, / Сан миң кара кой берсин; / Айры өркөч кошпосун, / Жону туйук нар болсун, / Санаты толук миң болсун, / Комуна асыл комдосун, / Бирден жагдан арттырсын, / Жибек аркан тартырсын, / Жагданы куру болбосун, / Ичинде аруу шай болсун, / Мала кашка инектен, / Саарыма уй болсун, / Бир, эки деп санатын, / Окш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыргызга берчүү тартууну, / Тирүү калган эл берет, / Санаты үч миң нар болсун, / Теңдегени үстүнө, / Экиден жагдан бар болсун, / Ком жыгачы сары жез, / Арканы жибек кенептен, / Бар жарагы шай болсун, / Жагданы куру болбойт го, / Ичи толгон зар болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →