жагдай
- Кандайдыр бир иштин жөн-жайы, ыңгайы, белгилүү бир учурдагы абал, кандайдыр бир абалга байланышкан шарт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…мын, / Бекбача көрүп калганча, / Бир жакты көздөй жылайын, / Адырда жүргөн бир топтун, / Бирин койбой кырайын, / Бир четинен кыргыздан, / Өч алганча турайын, / Жагдай келсе жарашып, / Айбалкайдан тик жарып, / Өт алганча турайын» / Деп хан Калдык кобурап, / Арамдык бүгүн ниетине / Ат жыйнаган элдердин, / Жетип келди четине, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Барбай туруп жерине, / Көрбөй туруп элине, / Жеринин билдим жагдайын, / Элин билдим дапдайын, / Эл бүлүнткөн Куткарбас, / Суудай канын чайкайын, / Суусун ичтим Шоркөлдүн, / Ичкен тузум актайын, / Кантер экен Тапан хан, / Мунун сырын байкайын” / Деп ичинде ойлонуп, / Жабырын угуп бул элдин, / Жаш Сейитим толгонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айтканбыз башта жамактап, / Кенколдун жери жагдайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →