жагалмай
- Кыргыйдан кичине, турумтай сыяктуу алгыр куш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айак жагы кечээги, / Кардыгач менен чакмакташ, / Ниредеги Жагалмай, / Ашын берип салайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Белдүү тууган Кененим, / Кылыч сууруп алганы, / Кыйырын бузбай сулатып, / Кылычтын канын чубалтып, / Кылымдан чыккан Кеңкула, / Жагалмайдай чуратып, / Айдап кирди келгенди, / Наркы элге чуулатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…утуп, / Ыштыктан чыккан түтүндөй, / Артынан чаңын уйултуп, / Жел жетпеген күрөңдүн, / Жейрендей бутун сунултуп, / Айагы менен таш жарып, / Адырларды аттатып, / Жагалмай болуп тим эле, / Тайаганда бешимге, / Алматынын токойго, / Салып кирип келди эле, / Буудайык хандын Музбурчак, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып, куш салып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жагалмай учат жем үчүн, / Жанымды кыйып ийсемби, / Жалгызым Сейит, сен үчүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жанына азык байланып, / Жагалмайдай зыпылдап, / Ташкенди көздөй айланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →