жага
- Шириден жасалган чоргосуз көнөк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…бар укканда, / Өлгөндөрдүн бүлөсү, / Улуп – уңшуп ыйлашып, / Кызыл кан кетип ичинен, / Жалынсыз отко күйүшүп, / Жан болгондун бүлөсү, / Кабагы жарык күлүшүп, / Жагалданып сүйүнүп, / Эне – атасы, агасы, / Ээси бардан канчасы, / Кара кыргыз каман, деп, / Канкор Манас тукуму, / Бекбачасы жаман, деп, / Хандын баары өлүптүр, / Алптын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытайды көргөндө, / Жаандан ашкан Кененим, / Жагалданып турду эле, / Жанаша келип Дабытай, / Кебин айтты мамындай: / — Эрегишке эр керек, / Эр башкарган эл керек, / Элебей сага катыштым, / Кадырлап каңгай келди, деп, / Эми таанып мен жеттим, / Эрдигиңди белгилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Башымды тартар жерим жок, / Ал өңдүү болгон жумуштан!- / Угуп туруп Кутунай, / Кужуру кыйын кармады: / — Коржоңдогон ит Малун, / Кулакка кебиң жагабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жагалданып Телкүрөң, / Жаңыдан кызып алыптыр, / Жаадай сызып калыптыр, / Жарым күн кеткен Куткарбас, / Караандаш жете барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жалпайтып тиккен чатыр жок, / Жагалданган сайрандап, / Жалганда мындай баатыр жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →