жабыш1

китептерде 57 жолу, 10 китепте
  1. Бири-бири менен беттелишип, чапталышып калуу, эки зат бир-бирине чыпташып калуу.
  2. Кандайдыр бир нерсеге илешип калуу, жугуп же жармашып калуу.
  3. Чалдыгуу, жолугуу, пайда болуу.
  4. Жармашуу, кандайдыр бир нерсени тырмышып кармоо.
  5. өт. Кыянаттык кылуу, жамандоо, кастарын тигүү, каршылашуу ж.б. максаттарда бирөөнүн артынан түшүп алуу.
  6. Суроосун, көздөгөнүн орундатуу, аягына чыгаруу максатында сая түшүп өтүнүү, бирөөгө карата өтүнүч кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оролуп найза сайышып, / Оң-тетири салышып, / Жан айабай жабышып, / Туулгага балта чак этсе, / Көөдөнгө найза так этип, / Кылычтын баары кыйрады, / Кылымдан чыккан кыйындар, / Чыркыратып бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш башталды, / Дөнө өөдө көрүндү, / Заманды баатыр баш болуп, / Өлгөн мурун баштакы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кой эти бышым ал жерде, / Чигитей менен Медеркан, / Коркутушуп турду эле, / Ал Торгойдун көзүнө, / Так тогуз жыл болду эле, / Тогуз жыл өтүп, күн кетип, / Жыл өткөндө Торгойдун, / Эсине түштү ак этип, / Жабыша түшүп ачылып, / Тамак айы так этип, / Ак киргендей көрүнөт, / Саамайына жаш жетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
– / Бакай мындай деди эле, / Чоронун баары калдаңдап, / Атына чуркап дарбаңдап, / Куржундарын колго алып, / Ичин ачып карашып, / Ат үпчүнүн жабышса, / Окшош боз ат жарашып, / Өздөрү кийди кийимин, / Өңчөй кызыл жарашык, / Сындап турат келбетин, / Бирин-бири карашып, / Таанылбай калды кубулжуп, / Бирин-бири… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Талкандуу кашык келип, колубузга тийгенде, анын ичине талкан жабышып, кайра кетип тургандай, кашыктын учун бир топко бошотпой, колубузду батыра кырып, жуктап кетебиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бүргөлөр үркөп оозуна тиштеген кийизге жабышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →