жабырка

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Азап чегүү, кордук көрүү, жапа тартып жүдөй түшүү, жабыр көрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сексен ашып жаш кетип, / Жабыркатып кылды кар, / Кайратымды качырып, / Кененим, сага болдум зар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…үндөрдү, / Балалык кылып көп жолу, / Басып далай өткөн эр, / Карчалышкан жулушта, / Кан чачышкан урушта, / Кандим болгон кайран эр, / Жаралуу болуп көп жолу, / Жабыркап чаңдан жаткан эр, / Көрпайлыктын айынан, / Көп иштерге жолугуп, / Көсөм болгон баатыр шер, / Кемпирдин түрүн карады, / Кеп чачын толук байкады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жабыркатып элиңди, / Жайдарым, мени таштадың, / Жаш жолборсум, — деп ыйлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жаш баланын жанына, / Жабыркатып салды от. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →