жабыра

китептерде 54 жолу, 9 китепте
  1. Бабырап көп сүйлөө, жарыша сүйлөө.
  2. Өтө көп болуп чыга баштоо, жайнап көрүнө баштоо, жамырап көбөйүп кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

жай койуп, / Тайар болуп желдеттер, / Кызмат кылып калыптыр, / Көкбөрүгө көрүшүп, / Каракөз, Тете, Салаалар, / Булар жетип барышты, / Көкбөрү менен көрүшүп, / Жабырашып калышты, / Жедигердин Каракөз, / Минтип айтып калышты: / — Карчалыштык канча күн, / Асыл жалгыз биз менен, / Тапатак-беш күн салышты, / Көкбөрү баатыр сиз мене… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ар жактакы элдерден, / Сыйкырдуу дуба билгенден, / Булутту кармап асмандан, / Ат ордуна мингенден, / Ортонуна жыланды, / Камчы кылып илгенден, / Жетимиш киши жабырап, / Колу- бутун баатырдын, / Байлайбыз деп бастырбай, / Түркүн-түркүн дубасын, / Түрмөгү менен салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…и киши чаптырса, - / Угуп Агыш алдырап, / Бадана тону шалдырап, / Барбагын деп айта албай, / Көкмончок калды жалдырап, / Уйалып келген эр Агыш, / Манаска айтат жабырап: / — Чукулга өтө тың элем, / Узакка анча жок элем, / Кармаганда Кошой эле, / Каткырыкты салчу элем, / Кабуусун таппай кармаштым, / Далайга жүрүп калчы элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Күйгөн жалын жок болду, / Сыйкырланган көпчүлүк, / Көздөрү көрүп жаркырап, / Кулактары шаркырап, / Тилдери сүйлөп бабырап, / Сейитимдин жанына, / Чогулушту жабырап: / — Шумурай канчык бир келип, / Бизди салды санаага, / Таш кылып койо жаздады, / Шоркөлдүн кара талаада, / Арстан эрдин баласы, / Кайда барсаң ала кет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Деп Кара дөө жабырап, / Жалынып кетип баратат, / Жандай чуркап дабырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →