жабылуу1
- Кандайдыр бир нерсе менен жабылган, жабылып коюлган, чүмкөлгөн, жабууланган.
- Бекитилген, жабык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жабылуу тулпар ат тартып, / Жарагы менен кыз тартып, / Күңү, кулун жумшатып, / Күйгүздү кыргыз мени, деп, / Күчүн бергин эрдин, деп, / Жериңен сурап келдимби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыйкырык -сүрөөн угулуп, / Дабытайлап үн чыгып, / Калаасы калды жабылуу, / Калгандын баарын Дабытай, / Өз колуна алды бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабылуу, / Эки жеңи салылуу, / Алптын бири Жамгырчы, / Кең көкүрөк далылуу, / Аттай басып аң жактан, / Атты барып карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, / Сейитимде кийилүү, / Сыргак шердин сыр найза, / Карысында илинүү, / Алмамбеттин кеп жабуу, / Телкүрөңгө жабылуу, / Кеңкуланын көкүлдүк, / Телкүрөңгө тагылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ийнинде калкан жабылуу, / Башына туулга көмөрүп, / Бастырып элден бөлүнүп, / Баселек тоодой көрүнүп, / Бастырганда бакырып: / “Семетей, кел — деп, — чакырып” / Чокчоңдотуп колуңду, / Чоролоруң жибербе, / Мен убара болбоймун, / Барча-барат немеңе!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →