жабыл2
- Бир ишке же бир багытка жапырт бет алуу, жапырт кирүү. Орокчулар жабыла кырманды көздөй басышты.
- Таралуу, чачырап тарай баштоо, жайылуу, каптоо.
- Чакчыл формада: жабыла. м. Жапырт, бүт бойдон, чогуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жакшылык менен жамандык, / Калемде кеткен жазууну, / Жапкан менен жабылбайт, / Сен жашырып катпагын, / Мен билгеним айтамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айылдын баары жайылып, / Жалгыз келген баатырга, / Жалпы чыкты жабылып, / Чигитей түшүп эсине, / Торгой турду айыгып, / Батыраак кирсе экен, деп, / Көлдөлөңдү унутуп, / Тиктеп турат зарыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чуркурап ыйлап жабыла, / Чогулушту сай-сайга, / Бут артарга малы жок, / Арзын айтып Таласка, / Кененимге барганга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жабылып желдет жүгүрдү, / Сынчыбек жандан түңүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ордого кирип Керменбай: / — Ачкан колуң жабылды, / Издеген жогуң табылды, / Урумдук келип көчүрүп, / Алган Гүлнар зайбыңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →