жабык2
- Бек, ачык эмес, бекитилген.
- Бир нерсе менен капталган, чүмбөттөлгөн, бүркөлгөн, туюкталган.
- Сырткары кишилер катышпаган, тар чөйрөдө өткөрүлгөн, ачык эмес.
- өт. Түнт, ачык-айрым эмес, оңой менен чечилбеген, мүнөзү оор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…актаган Жабыке, / Найзасын күүлөп булгалап, / Шалактаган Жабыке, / Сотукени оозго алып, / Сонун келди эби деп, / Татыбекти бетке алып, / Тик качырып баратыр, / Жабыкенин артында, / Йобалы Шибе келатыр, / Аты башка Бактыбай, / Атырылтып жеткени, / Йобалыны тоңкойтуп, / Көмө койуп өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Торгойдон кабар алалы, / Баатырдын күйүп отуна, / Тоого кеткен жабыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Ажыбай дайны дуу болду, / Ал–жай сурап билүүгө, / Ак ордого эл толду, / Күн жабыкка түшкөндө, / Ажыкең чочуп ойгонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жабыгып мында жүрүпсүң, / Не жумушуң бар болсо, / Жашырбай, жигит айткының.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жакшыраак кызмат кылалбай / Жабыгып келем бул кезге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →