жабуула
- Кандайдыр бир нерселердин үстүнө жабуу салуу, жаап коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аралбай, / Жагалмайдын эттерин, / Шылып алып артынып, / Акмалап келип эл четин, / Ат откоргон кишиден, / Үч кишиге жолугуп, / Алдындагы сур атты, / Торко менен жабуулап, / Тору кылып бул атты, / Сүйлөгөн сөзү тизмектүү, / Жагымдуу элге эң таттуу: / — Амансыңбы, кыргыздар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…барбас бир жерге, / Аралап кирип Дабытай, / Буканы таштап бултуйтуп, / Туулгасын кийип мултуйтуп, / Тору атка така жаңылап, / Алдындагы тору атты, / Тери менен жабуулап, / Туулганын сыртынан, / Малакай кийип чөмөрүп, / Коргошун, коло аралаш, / Куйун салган Чойун баш, / Койдой кылып өңөрүп, / Түнт токойду аралап, / Күмбөздү күз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төрт айактуу айбандан, / Арстан эрге келтирбей, / Эки тулпар кайтарган, / Кабылан Манас баатырың, / Кетмек болчу кансырап, / Аккуласы баатырдын, / Калдыркандын жалбырак, / Жарасын жаап жабуулап, / Кан катырып калдыркан, / Кеткени жок кансырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажыкеңдин Карткүрөң, / Кармап алып калмактар: / — Кежим салып жабуулап, / Эсен хан минер мал экен, / Байлап койуп чабуулда, / Көрккө салаар чагы экен, / Алты ай минсе арыбас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Астындагы Буурулду, / Абайы менен жабуулап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →