жабдык
- Ар каңдай эмгек куралдары, шаймандар, аспаптар.
- Үй жабуулары, көбүнчө боз үйгө керектелүүчү жабык баш, кереге чалгыч, тегирич ж.б. сыяктуу жасалгалар.
- Ат жабдуулары, ээр-токум, жүгөн, куюшкан ж.б. сыяктуу ат жасалгалары.
- сог. Согуш куралдары, курал-жарак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айтып койуп Гүлүстөн, / Бура тартып жөнөдү, / Ат жабдыгы күмүштөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…чыгып кеткен соң, / Борончуну чакырып: / — Элге кабар салгын, — деп, / Өз–жат дебей барсын, — деп / Керней менен кабар бер, / Такыр уксун турган эл, / Керектүү жабдык калбасын, / Өнөрлүү жатып албасын, / Өзү куру барбасын, / Жыгач менен темирге, / Керек болор нерседен, / Кемип бирөө барбасын, / Кардыкачты өрдөсүн, / Эт бышым…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр жабдыгы Жаманбай, / Эбегейсиз зор болуп, / Алалбай катын бул чакка, / Жүрүчү эле сенделип, / Атка минип эрбейип, / Найза кармап сербейип, / Кененимдин жанында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйыгына калбайлы” / Деп ойлонуп бул экөө, / Желбестен жорго ылгашып, / Ат жабдыгын кылдашып, / Манаптан кылган көрпөчө, / Бүктөп туруп салдырып, / Кош басмайыл тарттырып, / Бакайга башка кармашып, / Айчүрөктөн корккондон, / Баары турду жардаш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жерге түшкөн жабдыктар, / Анда кайдан жашынат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →