жабды
- Зарыл болгон нерселер менен камсыз кылуу, ар кандай тиешелүүлүгү бар курал-шаймандар, жасалгалар ж.б. менен толуктоо.
- Жасалгалоо, кооздоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аллам ачсын жолуңду, / Жабдып жолго салайын, — / Деп ошентип Каныкей, / Казынанын ачкычын, / Алып чыгып үйүнөн, / Асталай басып Каныкей, / Казынага барышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бала береги борчук ташка келгенде, колундагы кушун бир сагызганды көздөй шилтеп жиберди да, чылк күмүш менен жабдылган атын шарактатып, төмөн карай кирип кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мындан башка жумушка кирүүнүн ордуна элдин көбү жоого аттанчуудай ат жаратып минип, ээр токумун жабдып, айбалта, найза жасатып, күн-тун дебей чакылдатып, усталарды узантып жаткан сыяктуу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Акыркы барганымда үч жүз ирикти короого камап, санап соконун дөңгөлөгүнөн жасаган кичине арабасын жабдып, жолго чыга тургандай камынып жатышкан экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →