жабалакта

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Өтө көп болуп жайноо, жабыла каптоо, көп болуп көрүнүү, жапырт киришүү, жалпы катышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…зү дөө экен, / Мингени тору тоо экен, / Эмики жүргөн кишиде, / Мындай бенде жок экен, / Жаман кепти айтпады, / Жакшы кептен баштады, / Өзүң айткан кеп менен, / Жабалактай сүйлөдүк, / Кажылдаба, иттер, деп, / Жаман айтып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…кен, / Кайдан келген адам, деп, / Ат-тону бөлөк не жан, деп, / Ким да болсо ушуну, / Айтумуш алып барсак, деп, / Атка минип жабылып, / Салмоорго таш салынып, / Жабалактап камынып, / Мылтыктары жонунда, / Чойун башы колунда, / Чуркурашып ушулар, / Гүлчорону кармашып, / Алып кетиш ойунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айдама кошун, калың кол, / Жабалактап дуу чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эки тоонун арасында, сайдын боюндагы жети-сегиз түтүн Кызайдын айлына кеч курун суукта келип, жүк түшүрүп жатсак айылдын катын балдары бизге таңыркагандай жабалактап чыгып, карап турушту. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Катын-калач дебей жабалактап тышка чыгып карап турушат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →