жаан1
- Асмандан жааган суу тамчылары, жамгыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Далай катын тул болот, / Нечен жигит кул болот, / Эгин чыкпай аз болот, / Элдин көбү ач болот, / Күлкүдөн ый көп болот, / Күн күркүрөп жаан жаабай, / Аркырап шамал көп болот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кабаттап темир тон кийди, / Каарын төгүп заар менен, / Борошо жамгыр жаан менен, / Кара куйун бороондой, / (Как белгиси ошондой) / Баатырга чыгып беттешти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Найзага найза кагышты, / Кадимкидей бул экөө, / Бир беттешип жанышты, / Өтө берип толгонуп, / Жаан айланып салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шыпшайдар жүргөн жеринде, / Жам-жайкыт болот кээ бирде, / Жерде шамал, көктө жаан, / Мындайы бар кээ-кээде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Нөшөрлөп жааган жаандай, / Ителги тийген таандай, / Имерип айдап чогултуп, / Чогууларын суйултуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →