жаактуу
- Жаагы узун.
- Жаагы бар (курал жөнүндө).
- Тилдүү, сүйлөөк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Узун бойлуу, чап жаактуу, / Кеби ширин бал таттуу, / Үңкүр кабак, дүм далы, / Бекбачага муну айтты: / — Ар жагы шор, жаткан кум, / Түндүгү азык аралда, / Жазгы-күзгү – эки убак, / Лопнур көлдүн бойунда, / Жаткан кыргыз эли элек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ү чертип, / Оң колго мурду кошулуп, / Он бири окшош тең чертип, / Күйөө жандап келиндер, / Саамайын сылап кыз балдар, / Ооз комузду кагышып, / Темир тилдүү жез жаактуу, / Комузун колго алышып, / Уктаса түшкө кирбеген, / Сонун күүнү табышып, / Кашкулак, бөрү ичикти, / Карылары жамынып, / Хандары таажы тагынып, / Катыны сөйкө с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жолборстук сыны тарады, / Жолдошторун сынады, / Арстандык түрү тарады, / Азаматтарын сынады: / — Жаактууда жанашпас, / Таалайың адам талашпас, / Тыңдуусунуп тиркешип, / Тилдүүдө бирөө тыйа албас, / Арзандык менен бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Тирүү олуйа зор Кошой, / Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, / Ойрон Көкчө, Музбурчак, / Жаактуудан адам жанашпас, / Кызыл тилдүү Ажыбай, / Сүрөтү анда” деп айткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаактууга башынан, / Жаак бербеген кара жаак, / Чечендин бири ал экен: / — Акун хандай теңизим, / Ат көтөргүс семизим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →