жаакташ
- Бири-бирине каяша айтышуу, оозеки тартышып калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кабар уккан Бекбача, / Ордонун ханы Орунбай, / Сөзүн айтты ага жай: / — Майбулак, Жаакташ, Кеңтескей, / Карабуура, чоң Чаткал, / Бууракужур, Акташтан, / Жергенин сары талаасын, / Азыр болгон элиңе, / Эл ырысы жериңе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баашалык минген тагым бар, / Маңдайымда багым бар, / Жаакташса жаңылбас, / Иш билги жайым дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жакып байга караган, / Жаакташка конду эле, / Бакай хандын конушу, / Майбулакта болду эле, / Жамгырчыга караган, / Жайылмада болчу эле, / Текечинин конушу, / Тетиги турган кең Тескей, / Шыгай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сени менен куу мастан, / Жаакташып турамбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
бөрү, / Тамылжып жаткан уланды, / Бой жасап жүргөн кыздарды, / Акыректе чоң сөйкө, / Алтындан чачпак сооруда, / Ар түрлөнүп кубулган, / Арген үндүү келинди, / Жаакташ менен Майбулак, / Жарашыктуу жеримди, / Кең Тескей менен Жайылма, / Жайыты малга кеңири, / Буура кужур, Акташы, / Жергенин сарыталаасын, / Жерлээр күнүм болоор…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →