жаак
- Адамдардын же айбандардын тиштери орногон астыңкы жана үстүнкү бет сөөктөрү.
- Жалпы эле беттин оң жана сол жак бөлүгү, тарабы.
- Жүгөндүн жана тизгиндин ооздуктан башталган эки жак бөлүгү.
- Түндүктүн ууктар сайылуучу тегерек алкагы.
- Кээ бир кесе турган же кыпчыта турган куралдардын каптал жак бөлүктөрү, эки жагы.
- Колунда болот жаак капкан экен, Олжого ошол адам баткан экен (Үсөнбаев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туурасынан келгенин, / Чарпып тартты Майтору, / Алтымышча көп дөбөт, / Көмөлөнүп торойду, / Кара жаак булдурсун, / Кармай алды Бекбача, / Камчыны булгап ийгенде, / Канча итке тийгенде, / Оро-пара көп дөбөт, / Айрыкчасы көк дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Тумшугу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кечөө Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Бардамды ачып башымдан, / Берметим төгүп бетимден, / Жаагымды жара чапканда, / Уйалгандан өлбөдүм, / Өлүп жерге кирбедим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Зарылып мага наалыба, / Жаагыңды талытпа, / Иттен илгер жан болуп, / Кишиден кийин кар болуп, / Антип тирүү жүргөнчө, / Өлүм жакшы чын мага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деп чалкасынан жаткан кишини эки колдоп жаактан ары алмак-салмак салгылады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →